• Мектептин мүнөздөмөсү жана тарыхы

        Мекеменин юридикалык аталышы: “Кут билим” окуу-тарбия комплекси билим берүү мекемеси.

        Билим берүү ишмердүүгүн жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиясы: 2017-жылы берилгенLB170000062. Лицензиянын аяктоо мөөнөтү-мөөнөтсүз. Окуучулардын чектелген саны (киши)-360

         

        Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо күбөлүгү: 18.08.2017-жылы КРнын Юстиция министрлиги тарабынан берилген. ГПЮ № 0027383, каттоо № 118110-3308-М-е, ИУЖК коду №27367007, ИНН № 00908201110111

        Уюштуруучулук-укуктук формасы:  мекеме 

        Тиби-окуу-тарбия комплекс

        Менчик түрү-жеке

        Уюштуруучу- ЖИА (Жаш Ишкерлер Ассоциациясы);

        Билим берүү мекемесинин уставы КРнын Юстиция министрлиги тарбынан 08.02.2017-жылы катталган

        1.2. Окуу-комплекси кайсы жылдан баштап иштей баштаган: «Кут билим» окуу-тарбия комплекси 2011-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берилип, 12.01. 2012-жылдан баштап иштей баштаган.

        Юридикалык дареги:

        Байтик айылы, Эшмамбет уулу Асылбек көчөсү н/ж

        Индекс: 722720

        Факс: 0312 42-17-03                                                                  

        Телефон: 42-17-02, 42-17-03

        e-адрес: kutbilim.school@gmail.com

        2. Жалпы мүнөздөмөлөр:

        Имараттын тиби- жаңы

        Жылытуу системасы: система өз алдынча жылыйт

        Эксплуатацияга берилген жылы: 2010-жыл

        Жалпы аянты: жатакана – 1430 м2, окуу корпусу – 3712 м2

        Территориянын аянты: 1 Га

        Проект кубаттуулу: 360  окуучу орун

        2020-2021 – окуу жылындагы окуучулардын саны - 230

        Класс-комплекттердин саны 10, бардыгы кыргыз класс.

         

        Мектептин мүдүрү – Балтабаев Кудайназар Абдулахатович                                

          Мекеменин  тарыхый маалымдамасы

                   «Кут билим» окуу-тарбия комплекси 2011-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берилип, ЖИА (жаш ишкерлер ассоциациясы) мүчөлөрүнүн колдоосу менен 2012-жылы ачылып,  дүйнөлүк стандартка туура келген таланттуу жаштарды тарбиялоо үчүн шарт түзүү максатында жана чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайларында окутуу үчүн ачылган.

                2012-жылдан баштап “Кут билим” ОТК алгач Байтик айылындагы  бала бакчанын имаратында иш жүргүзүп келген. Имарат интернат тибиндеги жатакана жана окуу корпусуна реконструкцияланган. 2015- жылы 3 кабат жер төлөсү менен 250 орундуу жалпы аянты 3712 м2 имараттын курулушу аяктаган.

        2012 – жылы январь айында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн  башталгыч мектеп ачылган. Башталгыч мектеп 2015-жылдын май айына чейин оңдолуп, түзөлгөн бала бакча имаратында иш жүргүзүп, 2015-2016 – жаңы окуу жылынан баштап, жаңы курулуп бүткөн имаратта иш жүргүздү.

               Мектеп 7- класстан 11- класска чейин кыргыз тилинде окутулуучу  эркек балдарды  окутууну ишке ашырат. Кабыл алуу 2 турдуу сынактын натыйжасында ишке ашат.

                2017 - жылдан бери лицейди  142 окуучу бүтүрдү.

        Окуу жайдын өзгөчөлүктөрү

        • Англис тилин тереңдетип окутуу;
        • Экинчи чет тили – араб тилин окутуу;
        • Бардык предметтерди окутууда информациялык коммуникативдик технологияларды  пайдалануу;
        • 11- класстарга  жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн кошумча окутууну уюштуруу;
        • Ар бир чейректе негизги предметтерди тест түрүндө текшерүү (ЖТС сынактары) ;
        • Кыргызстандагы бардык региондорунун окуучуларын окуу жана жатакана менен камсыз кылуу;

        Мекемеде окутуу:

        • 7- класстан 11-класска чейин кыргыз тилинде окутуу.

        Кошумча шарттары:

        • Жатакана, үч маал тамактануу, кружоктор жана спорттук секциялар.

        - Кабыл алуу шарттары:

        • Апрель, май айларында 6 -класстар арасында 2 тур менен кабыл алуу экзамендери өткөрүлөт.

        Билим берүүдө окууну бүткөндүгү боюнча документтер:

        • орто билими жөнүндө аттестат
        • негизги билими жөнүндөгү аттестат

        Окуу планы

        • Мектеп Кыргыз Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген бекитилген мамлекеттик стандарттын талабына жооп берген альтернативдүү программалардын негизинде иш жүргүзөт.

        Илимий - методикалык тема:  “Сапаттуу билим берүүчүлүк, маданий-адептик чөйрөнү түзүү аркылуу окуучуларда негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу”